6 декабрь
Ички иштер министрлиги Түштүк Судандагы БУУнун тынчтык орнотуу миссиясы үчүн сынакты эске салды
Заманбап тынчтыкты сактоонун эң популярдуу өнүгүп жаткан институттарынын бири болуп БУУнун полиция компоненти саналат, анын курамына тынчтыкты сактоого жөнөтүлгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирет.
Бул сынакка Кыргызстандын Ички иштер министирлигинин кызматкерлери да катышууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча иш-чараларга милициянын өздүк курамынын катышуусун уюштуруу жөнүндө жобого ылайык, учурда 14 кызматкери иш алып барууда. Түштүк Судандагы БУУнун тынчтык орнотуу талабынын курамында Кыргызстандын аймагынан тышкары жерлерде кызмат өтөп, ийгиликтүү катышып жатат.
Кыргыз өлкөсү Түштүк Суданга келген башка эл аралык полиция кызматкерлери сыяктуу эле жарандарды физикалык зомбулук коркунучтарынан коргоо, адам укуктарынын бузулушун, эл аралык укуктун бузулушун аныктоо жана каттоо, гуманитардык жардамды коопсуз жеткирүүгө көмөктөшүү менен коюлган милдеттерди так аткарат.
Белгилей кетсек, бизден барган кызматкерлер өздөрүнө коюлган тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу менен жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатышат.
Ошондой эле чет өлкөлүк сынактарды ийгиликтүү тапшырган милициянын подполковниги А.Сүйналиева тиешелүү инструктордук күбөлүккө ээ болгондугун сыймыктануу менен айта алабыз. Учурда ал Малайзия, Филиппин сыяктуу өлкөлөрдө жайгашкан жана бул өлкөлөрдүн полиция кызматкерлеринен сынактарды кабыл алат.
Дагы бир кесиптешибиз милициянын полковниги Р.Жолдошбаев жүктөлгөн тапшырмаларды так аткаруу менен БУУнун тынчтык орнотуу миссиясынын инструкторлугуна талапкер болуп тандалды.
Азыркы учурда БУУнун тынчтык орнотуу операцияларына ички иштер органдарынын кызматкерлерин конкурстук тандоону улантып жатканыбызды эскертебиз. БУУнун бейпилдик миссиясына кирүү үчүн ички иштер органдарында 7 жылдан кем эмес кынтыксыз кызмат өтөө, чет тилдерди эркин билүү менен спортту сүйгөндөр жана унааны кесипкөй айдай билүү керек.
Документтер 2024-жылдын 27-декабрына чейин кабыл алынат.