Депутат Түлөбаев шайлоо күрөөсүн 9 миллион кылууга каршы: Бул майда партияларды өлтүрүү дегендик
20 март

Депутат Түлөбаев шайлоо күрөөсүн 9 миллион кылууга каршы: Бул майда партияларды өлтүрүү дегендик

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо тартиптерин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоорундагы эки «бомбаны» ачыктады. 

Айтымында, мыйзам долбоорундагы эки нерсе бай партиялардын жана талапкерлердин жолун ачып, ал эми каржы жагынан мүмкүнчүлүгү аздарга тоскоол болот. 

«Биринчи, шайлоо күрөөсү 9 миллион сом деп жатасыңар. 9 миллион саясий партиялар үчүн чоң акча. 1 миллионду араң таап жатабыз. Демек, 9 миллион күрөө киргизүү саясий партияларды өлтүрүү дегендик. Чоң-чоң, бай партиялар катышат дагы, майда партиялар шайлоого жакын жолой албай калат. Ошондой эле бир мандаттуу талапкерлер үчүн да 300 миң сом көп. Аны жергиликтүү, аймактагы талапкерлер таба алышпайт. 

Экинчиден, үч мандаттуу кылып, үч добуш берүү – болбогон нерсе. Бир шайлоочу бир гана жолу добуш бериши керек. Эгер бул норма кирсе – сиздердин райондон А, Б, С деген үч олигарх талапкер чыгат дагы, ар бири 3 миң үгүттөөчү алат да, сизди талаага таштайт. Канчалык кадыр-барктуу болсоң дагы өтө албайсың. 200 кишиң менен кала бересиң. Мына, ушундай «бомбаларды» түздөш керек», – деген Түлөбаев жалпысынан мыйзам долбооруна жакшы деген баа берди. 

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун жаңы түрүн сунуштаган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатышат. Анда көп мандаттуу 30 шайлоо округун түзүү, анын ичинен үч депутатты шайлоо сунушталууда.