Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин көмөгү менен жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышышты.
Жаңы борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууга багытталып, маалыматтык-кеңеш берүү, документтерди даярдоо жана коштоо кызматтарын көрсөтөт. Мындай шарттар жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, борбордун ачылышы калктын жумуш менен камсыз болуусун жакшыртууга жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылды.
