Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.Э. жаран арыз менен кайрылып, анда А.А. аттуу жаранга карата мыйзамлуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын февраль айына чейин анын ишенимине кирип, акчасын көбөйтүп берем деген шылтоо менен жалпы 160 миң АКШ долларын алдап алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катарында 1999-жылы туулган А.А. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
