Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмунун юстиция министрлеринин 3-жыйыны өттү
2026-жылдын 7-октябрында Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун юстиция министрлеринин 3-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев, Түркия Республикасынын юстиция министри Акин Гюрлек, Азербайжан Республикасынын юстиция министри Фарид Ахмадов, Өзбекстан Республикасынын юстиция министри Акбар Ташкулов, Казакстан Республикасынын юстиция министринин орун басары Ботагоз Жакселекова жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер катышуучу мамлекеттерде юстиция чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат алмашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Мамлекеттердин өкүлдөрү өз сөздөрүндө юстиция системасын санариптештирүүгө, сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган заманбап маалыматтык технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө басым жасашты.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев Кыргызстан юстиция системасын санариптештирүүнү активдүү жүргүзүп, юстиция органдарынын жана сот системасынын ишине заманбап технологияларды жана санариптик инструменттерди ырааттуу киргизип жатканын белгиледи.
Атап айтканда, санариптик трансформация Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени айтылды. Бул реформалар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, административдик жол-жоболорду кыскартууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Жыйындын катышуучулары санариптештирүү жаатында тажрыйба жана практикалык чечимдер менен алмашуунун, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер Түрк мамлекеттер уюмунун юстиция министрлеринин 3-жыйынынын Биргелешкен коммюникесине кол коюшту. Документте мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды.
Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун юстиция министрлеринин 4-жыйынын 2027-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.
Кийинки жыйындын Кыргызстанда өтүшү Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин юстиция жана санариптик трансформация чөйрөсүндө тажрыйба алмашуусуна жана өз ара аракеттенүүсүн чыңдоосуна кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
