Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россия Федерациясына келди
11 декабрь

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россия Федерациясына келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын Адылбек Касымалиев  жумуш сапары менен Москва шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки күндүк жумуш сапарынын алкагында, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.