Ошто балдарга арналган мекемелерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
5 май

Ошто балдарга арналган мекемелерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ош шаарында балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Балдардын реабилитациялык борборунда эскирген чатыр алмаштырылып, ички бөлмөлөрдөгү эшиктер, шыптар жана терезелер жаңыланууда.

Майыптыгы бар балдар үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү максатында колдонулбай калган тепкичтер алынып, алардын ордуна лифт орнотулууда.
Мындан тышкары, имараттын арткы бөлүгүнө ашкана куруу пландалып, тиешелүү жер тилке тегизделүүдө.

Ошондой эле борбордун кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмосу алынып, анын ордуна жаңы тосмо курулууда.

Ал эми «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда жылуулук системасы жаңыланып, түтүктөр алмаштырылууда. Ички бөлмөлөрдүн дубалдары тегизделип, шыбалууда. Жаңы пол төшөлүп, эшиктер боёлууда.

Белгилей кетсек, жумуштар балдарга ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.