Кыргызстанда туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт
29 май

Кыргызстанда туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

Туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков Ысык-Көл облусуна туристтик мезгилдин ачылышына бара жаткан кызматкерлерге саптык кароо өткөрүп, ИИМдин тийиштүү буйрук жана нускамаларын жеткирди.

Бул иш сапарга жөнөтүлгөн кызматкерлер жайкы туристтик мезгил бүткөнгө чейин Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуучу жайларда, пансионаттарда, балдар лагерлеринде, унаа кыймылы көп жерлерде жол тыгындарына жана жол кырсыктарына жол бербөө багытында иш алып барат.

Айрыкча мас абалында унаа башкаргандарга, автоээнбаштык жасагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно эреже бузгандарга катуу чаралар көрүлөт.