Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу бар
15 январь

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу бар

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 15нен 18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. 

Алсак:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында,
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.