Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды, деп кабарлайт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР жараны С.Т.К. (криминалдык чөйрөдө "Потап" лакап аты менен белгилүү) кармалды.
Аталган С.Т.К.нын "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында К. Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.
Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.
2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №21 мекемесине киргизилген.
