Кыргызстан жана ШКУ санариптик багытта кызматташтыгын бекемдейт
Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов 19-мартта Шанкай Кызматташтык Уюумунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту.
Ведомстводон кабарлашканжай, жолугушууда тараптар санариптик трансформация жана инновациялык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Тараптар санариптик тармактагы мындан аркы тыгыз кызматташтыкка жана биргелешкен демилгелерге даяр экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрында Кыргызстан ШКУнун төрагалыгын өз милдетине алат.
