Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
15 сентябрь
Кыргызстан менен АӨБ айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселесин талкуулашты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү 14-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тараптар айыл чарба, азык-түлүк, суу ресурстары жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле суу менен камсыздоо, ирригация жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашылды.
