Ош облусунда улуттук коопсуздук боюнча окуу курсу башталды
Ош облусунда бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу курсу башталды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чаранын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, сөз сүйлөдү.
Курсту Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги уюштуруп, ага укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – улуттук коопсуздук маселелерине бирдиктүү мамиле түзүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана кризистик кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн жогорулатуу.
Окуу учурунда чек ара коопсуздугу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү, ошондой эле коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.
Курстун алкагында катышуучулар тажрыйба алмашып, коопсуздук багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин жакшыртууга багытталган практикалык сунуштарды карашат.
