Энергетика министрлиги Ысык-Көл облусуна жаңы трансформаторлорду жеткирди
9 июнь

Энергетика министрлиги Ысык-Көл облусуна жаңы трансформаторлорду жеткирди

«Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ысык-Көл электр тармагы ишканасына жаңы 20 даана трансформаторлор алып келинип, орнотуу иштери башталды.

Анын ичинен:

  • Жети-Өгүз РЭТине 2 даана;
  • Балыкчы РЭТине 1 даана;
  • Ак-Суу РЭТине 2 даана;
  • Чолпон-Ата РЭТине 3 даана;
  • Тоң РЭТине 1 даана;
  • Түп РЭТине 3 даана;
  • Каракол РЭТине 8 даана трансформатор орнотулат.

Учурда кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында кубаттуулугу 250 кВА трансформатор орнотулду.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана электр жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат. Ошондой эле жүктөмдүн өсүшүнө жараша тармактын туруктуулугун камсыздайт.