Манас шаарында автобустарга онлайн төлөм аппараттары орнотулууда 
11 декабрь

Манас шаарында автобустарга онлайн төлөм аппараттары орнотулууда 

Манас шаарынын муниципалдык автобустарына онлайн төлөм кабыл алуучу жаңы аппараттар орнотулуп, учурда системага кошуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борборунан кабарлашты. 

Система толук ишке киргенден кийин жүргүнчүлөр жол акыны Кыргызстандагы бардык банк карталары аркылуу төлөй алышат.

Мындан сырткары, каалоочулар “Saparpey” картасын сатып алып, ошол карта аркылуу да төлөм жасай алышат.

Онлайн төлөмдү колдонуу менен каражатты үнөмдөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү:

  • Накталай төлөсөңүз – 20 сом. (Шаардык кеңештин жол акысын жогорулаткан токтому күчүнө киргенден баштап. Учурда жол акы 15 сом. Окуучуларга 10 сом.)
  • Ал эми онлайн төлөсөңүз – 17 сом.

Ошондой эле уюлдук телефонуңузга “Saparpey” тиркемесин жүктөп алып, автобустардын каттамдарын көрө аласыз, жүрүү убактысын тактай аласыз жана “Saparpey” картасына онлайн түрдө акча толуктай аласыз.

Белгилей кетсек, 8-декабрда Манас шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияда муниципалдык автобустардын жол акысын 15 сомдон 20 сомго жогорулатууга макулдук берди.

Ага автобустарды тейлөөгө керектелүүчү каражаттын өсүшү себеп болгон. Ал эми окуучулардын жол акысы 10 сом боюнча өзгөртүүсүз калтырылды. Жол акысы шаардык кеңештин токтому расмий күчүнө киргенден тарта жогорулайт.