Бишкекте автобус кулап кеткен адамдын башын тебелеп кетти
Бишкекте автобус кулап калган эркек кишинин башын тебелеп кеткен. Жол кырсыгы бүгүн, 25-октябрда, болжол менен 20:40та Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Күбөнун маалыматына караганда, эркек автобустун жанында кулап, унаа аны арткы дөңгөлөгү менен тебелеп кеткен. Эркек окуя болгон жерде каза болгон.
