Жогорку соттун төрагасы Чүй облусундагы курулуш иштери менен таанышты
14 октябрь

Жогорку соттун төрагасы Чүй облусундагы курулуш иштери менен таанышты

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна иш сапары менен барып, сот органдарынын административдик имараттарында жүрүп жаткан курулуш жана оңдоо иштери менен таанышты.

Бул текшерүү президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын соңуна чейин сот имараттарындагы курулуш жана оңдоо иштерин толук бүтүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө төраганы Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев коштоп жүрдү.

Иш сапардын алкагында Медербек Сатыев Ысык-Ата, Москва жана Сокулук райондорундагы курулуш объектилерин кыдырып көрдү.

Натыйжада, төрага тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерине курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу жана ыкчамдатуу боюнча бир катар тапшырмаларды жана сунуштарды берди.