Баткенде шахтада калган 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды 
17 декабрь

Баткенде шахтада калган 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды 

Баткенде шахтада калган 8 кен казуучу аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 17-декабрда болжол менен саат 14:38де Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине жалпы 18 куткаруучу, Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ тартылып, кен казуучулараман-эсен куткарылган. 

Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.