Кыргызстанда бир жумада 233 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 2-июндан 8-июнга чейинки аралыкта 22 981 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу -709;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 233;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 116;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 496;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 983;
- Автоээнбаштык - 7;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 251;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 529;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 651 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
