Чүй облусундагы милиция белгисиз жарандан жабыркагандарды кайрылууга чакырат
7 ноябрь

Чүй облусундагы милиция белгисиз жарандан жабыркагандарды кайрылууга чакырат

2025-жылдын 19-январында Аламүдүн РИИБге Т.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 7-январдан 19-январга чейин «А» аттуу тааныш адам анын уруксаты жок, алдоо жолу менен, Луговое айылында болгон 17 баш малын сатып жибергенин, андан соң качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1988-жылы туулган И.А. аттууну кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Райондук соттун чечими менен кармалган адамга камакка алуу баш.

Тергөөнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран республиканын аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катышы болушу мүмкүн экени аныкталууда.

Ошондуктан укук коргоо органдары анын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырат: 0 (312) 36-35-27, 0 (312) 36-35-23, 0 (555) 03-51-54, 0 (701) 35-55-85.