Бишкекте эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт өчүрүлдү
28 май

Бишкекте эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкекте эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт өчүрүлдү. 

ӨКМден кабарлашкандай, жалын саат 18:46да толугу менен өчүрүлгөн. 

Тилсиз жоондон цехке жанаша жайгашкан турак үй өрттөнгөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын орун басарлары башында турган штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 офицер дрону менен тартылды.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Жабыркагандар жок.