Оштогу Төлөйкөн кичи районунун ички көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Керме-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн кичи районунун негизги ички көчөсүндө жол инфратүзүмүн жакшыртуу иштери жүрүүдө.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда жолдун биринчи катмар асфальты басылып бүттү, жолдун узуну 500 метр жана туурасы 14 метр болуп, 4 тилкеге чейин кеңейтилип жатат.
Эскертсе кетсек, бул жол Б. Осмонов көчөсү менен Г. Айтиев көчөсүн бириктирет.
