“Арал” постуна кайрадан чектөө киргизилди
9 январь

“Арал” постуна кайрадан чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 9-январда Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.

№23 ЖТИнин сунушу боюнча кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылган унаа жолдо абал жакшырган учурда чектөө алынат.

Кошумча маалымат берилет.