Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Ош – Каракол багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды
9 январь

Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Ош – Каракол багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

Бүгүн, 9-январда Ош — Каракол багыты боюнча "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы алгачкы каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. 

Оштон Караколго эми болгону 1 саат 20 мүнөттө жетүүгө болот. Учуулар аптасына эки жолу аткарылат — бейшемби жана жекшемби күндөрү. 

Билет баасы 4100 сомдон башталат, аны Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Asman Airlines маршруттук каттамы: 

  • Бишкек–Талас (жумасына 1 ирет)
  • Бишкек–Ош (күн сайын)
  • Бишкек–Жалал-Абад (жумасына 5 ирет)
  • Бишкек–Баткен (жумасына 3 ирет)
  • Бишкек–Раззаков (жумасына 3 ирет)
  • Бишкек–Каракол (жумасына 2 ирет).

Кошумчалай кетсек, январдын аягына чейин Бишкек-Кербен жаңы каттамын ишке киргизүү пландалууда.