Алай районунда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди
24 апрель

Алай районунда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

Алай районундагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 20 батирлүү жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, район акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Облус жетекчиси жатакананын ички шарттары менен таанышып, ак халатчандарды жаңы турак жай менен куттуктады. 

1977-жылы курулган бул имарат мурда оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары кызмат кылып келген.

2021-жылдан тарта колдонууга жараксыз болуп калгандыктан, аны заманбап жатаканага айлантуу чечими кабыл алынган. Оңдоп-түзөө иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 6 млн 660 миң сом, ал эми Алай ЖДПБнын бюджетинен да кошум каражат бөлүнүп, жалпы 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.

Жатаканада:

  • 1 бөлмөлүү 12 батир,
  • 2 бөлмөлүү 4 батир,
  • 3 бөлмөлүү 3 батир,
  • 1 балдар ойноочу бөлмө,
  • 4 санитардык бөлмө,
  • 2 тамактануучу бөлмө камтылып, батирлер дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлдү.