Оштогу “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
24 апрель

Оштогу “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы “Жапалак” унаа базарындагы шарттарды жакшыртуу жана аймагын иретке келтирүү максатында бир катар жумуштар жасалууда.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда базардын ичинде жөө жүрүүчүлөр үчүн кеңдиги 4 метрди түзгөн жаңы тротуарлар курулуп, асфальт төшөлүүдө.

Мындан сырткары, унаа базардын жарыктандыруу системасы жаңыланып, коопсуздукту камсыз кылуу багытында байкоо камералары орнотулган.

Ошондой эле, Жапалак унаа базарынын кире беришинде жаралып жаткан унаа тыгынын жоюу максатында базар аймагына кирүүчү кошумча жолдор курулуп жатат.