Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгын чыгарды
2025-жылдын 11-апрелинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын гибриддик форматта ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү.
2025-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 291 баңги кылмышы аныкталган, анын ичинен 36 интернет мейкендигинде жасалган бангикылмыштар. Кылмыш жоопкерчилигине 237 жаран тартылган, анын ичинен 6 жашы жете электер, 7 чет элдик жаран. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1т 482кг 387 гр баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүчү 5 жашыруун баңги лабораториялары жоюлуп, 30 кылмыштуу баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, баңги кылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 5 адам жана 5 уюшкан банги топтордун мүчөлөрү кармалган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 37 укук бузуулар аныкталып, алар боюнча 240 миң сом айып салынды.
Республика аймагында бангиликтин алдын алууга багытталган 815 профилактикалык иш-чаралар уюштурулду, алар мектептин 8-11 класстарынын окуучуларына, алардын ата-энелерине жана жаштар арасында баңгизаттарга каршы туруу боюнча лекциялар, форумдар, аңгемелешүүлөр, жолугушуулар ошондой эле дене тарбияны популярдаштырууга, үгүттөөгө жана сүйүктүү хобби менен алектенүүгө чакыруу максатында спорттук иш-чаралар жүргүзүлдү.
Кызматтын башчысынын орун басары милициянын полковниги Н.К.Турусбеков интернет аркылуу синтетикалык бангизаттардын таркалышына бөгөт коюу жана уюшкан бангилик топтордун мүчөлөрүн аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча афган тектүү баңгизаттардын контрабандасын токтотуу, бангилабораторияларды аныктоо жана жоюу боюнча бир катар талаптарды койду. Ошону менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин, өзгөчө жаштар арасында бангиликтин алдын алуу боюнча иштерди мындан да ары күчөтүү керектигине басым жасады.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча 7 кызматкер ишиндеги төмөн көрсөткүчтөрү үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
