Караколдо Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда
14 октябрь

Караколдо Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Объекттин курулушу 2024-жылы башталып, наркы 70 миллион сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Долбоордун негизинде жалпы аянты 950 чарчы метрди түзгөн заманбап шарттары менен үч кабатуу имарат салынууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин “ЭКАРАС-5” ЖЧКсы аткарып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.