Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат
24 апрель

Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат

25-апрелинден тарта Шабдан баатыр көчөсүнүн Лермонтов көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, түштүк тарапты карай эки багытта кыймыл уюштурулат.

 Подряддык уюм – Технотоп»» ЖЧКсы.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.