Кыргызстан-Корея илимий кызматташтыгы: генетикалык инновацияларга карай жаңы кадам
11 декабрь

Кыргызстан-Корея илимий кызматташтыгы: генетикалык инновацияларга карай жаңы кадам

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда 2025-жылдын 6–12-декабрь күндөрү молекулярдык генетикалык лабораториянын кызматкерлери үчүн атайын, кызыктуу окутуу программасы өтүп жатат. Бул тренинг Корея Республикасынын TNT Research компаниясынын эксперттери тарабынан KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин гранттык долбоорунун алкагында уюштурулган.

Окутуунун башкы максаты – мал чарба жана өсүмдүк биотехнологиясы тармактарында заманбап молекулярдык-генетикалык ыкмаларды өздөштүрүү аркылуу улуттук илимий-практикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ошондой эле лабораториялык диагностика багытында кызматкерлердин профессионалдык компетенцияларын жогорулатуу да негизги багыттардын бири болуп саналат.

Окутуу модулдары:

• Ири мүйүздүү малдын жана өсүмдүктөрдүн биологиялык үлгүлөрүнөн ДНКны экстракциялоо технологиялары;
• ПЦР (полимераздык чынжыр реакциясы) аркылуу генетикалык анализ жүргүзүү ыкмалары;
• Алынган генетикалык маалыматтарды R Start жана R Studium программаларынын жардамы менен биоинформатикалык иштетүү жана статистикалык талдоо.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоого, институттун лабораториялык инфраструктурасын жакшыртууга жана мал чарбачылыгында молекулярдык диагностика мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошот. Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлер өздөрүнүн теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, институттун илимий иштеринде активдүү колдоно алышат.