Транспорт министрлиги
29 апрель
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат. Себеби
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат, деп билдирет Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жол 29-апрелден 5-майга чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейинки аралыкта жабык болот.
"54-чакырымда жайгашкан жөө өтмөктү демонтаждоо иштери жүргүзүлөт", – деп айтылат билдирүүдө.
Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат.
Министрлик айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну эскертет.
