Баткен районунда милиция пункттарынын курулушу башталды
28 май

Баткен районунда милиция пункттарынын курулушу башталды

Баткен районунун Рават жана Бужум айылдарында милициянын аймактык пункттарынын курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Иш-чарага Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Турдубай Саматов катышып, капсула салып, курулуш иштерине расмий старт берди.

Жаңы имараттар Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде заманбап шарттарда курулуп, милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө жана жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, бул курулуштар коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү кадам экендигин белгилешти.

Бул аракеттер Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында маанилүү кадам болуп саналат.