Чүй облусунда ИИМдин каттоосунда УКТ мүчөсү катары турган, бейбаштыка шектелген жаран кармалды
11 декабрь

Чүй облусунда ИИМдин каттоосунда УКТ мүчөсү катары турган, бейбаштыка шектелген жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБине А.Ж. атту жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 10-декабрында болжол менен саат 01:20 чамасында Кант шаарынын Ленин көчөсүндө О.Х. атту жаран мас абалда болуп, бейбашттык ниетте, ага атайылап дене жаракатын келтиргенин билдирген.

Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмыш жасоого шектүү 1992-жылы туулган О.Х. атту жаран экени жана ал ИИМдин каттоосунда УКТ мүчөсү катары турганы аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Териштирүү иштери улантылууда. Шектүүнүн район жана облус аймагында жасалган башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.