Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан чоң өлчөмдөгү баңгизаттардын түрүн саткан шектүү кармалды
31 март

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан чоң өлчөмдөгү баңгизаттардын түрүн саткан шектүү кармалды

2025-жылдын 28-март күнү Бишкек шаардык ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз азиат жарандар баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрүшөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам издөө иш чараларынын жыйынтыгында, милиция кызматкерлери тарабынан, Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Таш-көмүр көчөлөрүнүн кесилишинде, 1991-жылы туулган А.З. аттуу шектүү аныкталып кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, шектүүнүн дарегин текшерүү учурунда, жалпы салмагы 4 кг 802 граммды түзгөн баңгизаттардын ар кандай түрлөрү табылган. Шектүүнүн көрсөтмөсүндө, табылган баңгизаттар 10 миллиондон ашык сомго бааланган. Аларды, «Telegram» социалдык тармагы аркылуу алып, кызмат көрсөткөнүнө айлык маяна алып жүргөнүн билдирген.

Азыркы учурда, алынган баңгизаттар соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.