Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.И. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, Ж.Г.га карата чара көрүүнү суранган. Ал 2024-жылдын 13-декабрында алдоо жолу менен ишенимине кирип, анын “Lexus RX 350” үлгүсүндөгү унаасын 68 000 АКШ долларына сатып, түшкөн каражатка Түркиядан алтын алып келип, аны сатып, андан кийин унаанын акчасын пайыздары менен кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок, унааны алган соң, жаран Ж.Г., аны үчүнчү тарапка сатып жиберген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ленин районунун соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1-камак жайына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы эки кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Урматтуу жарандар, эгерде Сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 0702 494 730, 0700 050 505 же 102 .
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
