Токтогулда эки жаран 19 килограмм баңгизаты менен кармалды
Токтогул РИИБдин КИБ кызматкерлери тарабынан, 2025-жылдын 31-август күнү райондун аймагында “А” аттуу жаран баңгизат каражаттарын даярдап жүрөт деген маалымат алынган.
Аталган маалымат ошол эле күнү Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестирне Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 4-ноябрь күнү кылмышка шектүү катарында Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган А.Б., Н.С. аттуу тургундары кармалып, алардын жанынан 4 даана капка салынган баңгизат каражаты далил катары алынган. Алынган баңгизатына карата соттук-химиялык экспертиза дайындаган.
Ал эми дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы менен жалпы салмагы 19 килограмм 650 грамм марихуана баңгизаты экендиги аныкталып, А.Б., Н.С. аттуу жарандар Токтогул райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.
