Ички иштер министрлиги телефондук терроризм жөнүндө эскертет
КР Ички иштер министрлиги эскертет: телефондик терроризм - бул жардыруу, теракт же башка кооптуу жагдайлар тууралуу атайылап жалган маалыматтарды таратуу аракеттери.
Мындай аракеттер эл арасында дүрбөлөң жаратат, атайын кызматтардын ишине тоскоолдук кылат жана оор кылмыш катары каралып, кылмыш жоопкерчилигине алып келет.
ИИМ жарандарды сак болууга, текшерилбеген маалыматтарды таратпоого жана шектүү чалуулар же билдирүүлөр болгон учурда 102 номери аркылуу милицияга дароо билдирүүгө чакырат.
