Каракол шаарында уурулук жана пара берүү фактысы боюнча жаран кармалды
2025-жылдын 9-октябрында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну, 1974-жылы туулган А.Р. арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү, болжол менен саат 10:00 чамасында белгисиз адам анын үйүнө терезе аркылуу кирип, 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт 2025-жылдын 9-октябрында Каракол ШИИБдин МЭЖне катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Жыйынтыгында 2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту («Уурулук») боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Н.Е. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ал сурак учурунда уурдалган 100 000 сом акча каражатын өз огородуна көмүп койгонун моюнга алган.
Мындан тышкары, кылмыш иши боюнча жоопкерчиликтен бошотулуу максатында Н.Е. Каракол ШИИБдин кызматкерлерине 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө пара сунуштаган.
Бул факт дагы Каракол ШИИБдин МЭЖне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүмү («Пара берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында, 2025-жылдын 13-октябры күнү саат 17:40 чамасында Н.Е. Каракол ШИИБдин Кашка-Суу шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын иш бөлмөсүндө 14 500 (он төрт миң беш жүз) сом пара берип жаткан учурда кармалган.
