ЖКККББнын  башчысы Мониторинг борборунун жана Бишкек шаардык МККБнын иши менен таанышты
6 ноябрь

ЖКККББнын  башчысы Мониторинг борборунун жана Бишкек шаардык МККБнын иши менен таанышты

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы Азенбек Козукеев ЖКККББнын Мониторинг борборунун жана Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын  ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анын алкагында мекеменин имараттык шарттары, материалдык-техникалык базасы, каржылык-чарбалык ишмердүүлүгү, калкты тейлөө жана сервердик кызмат көрсөтүү системалары, ошондой эле санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жеринен таанышты.

Башкы башкармалыктын башчысы аныкталган айрым кемчиликтерди жоюу жана Мониторинг борборунун  ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой калктын коопсуздугун камсыздоо, жол кыймылынын тартибин чыңдоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы тапшырмаларды койду.