Кыргызстанда бир жумада 244 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 6-12-октябрь аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 402 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1310;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу - 244;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 198;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 563;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3166;
- Автоээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3545;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 344;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2424 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
