Дүйшөмбүдө КМШда консулдук өз ара аракеттенүү жана электрондук документтерди таануу маселелери каралды
28 май

Дүйшөмбүдө КМШда консулдук өз ара аракеттенүү жана электрондук документтерди таануу маселелери каралды

Дүйшөмбү шаарында 28-майда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (мындан ары – КМШга) мүчө-мамлекеттердин ТИМ консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 32-жыйыны болуп өттү, ага кыргыз тараптан Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу катышты.

Иш-чаранын күн тартибинде 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын, ошондой эле эки тараптуу Консулдук конвенциялардын нормаларын аткарууга байланышкан маселелер каралды.

Мындан тышкары, консультациялар учурунда мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдарынын электрондук документтерин жана электрондук кол тамгаларын таануу маселеси каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелерди чечүү жана Консультативдик кеңештин потенциалын жогорулатуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу чараларын камтыган Протоколго кол коюлду.