Жалал-Абадда кургак учукка каршы ооруканасынын жери мамлекетке кайтарылды
6 ноябрь

Жалал-Абадда кургак учукка каршы ооруканасынын жери мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн Достук айылында орун алган мурдагы кургак учукка каршы ооруканасына тиешелүү болгон жер тилкесинин бир бөлүгүнө 2011-жылдан тартып аталган айылдын тургундары тарабынан турак-жайлар жана мал-сарайлар курулуп,  жеке кызыкчылыктарына пайдаланып келишкендиги аныкталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен областтык прокуратура тарабынан базар баасы 32,2 млн сомду түзгөн 3,07 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.