Дүйшөнбү шаарында эки тараптуу кыргыз-тажик консулдук консультациялар болуп өттү
28 май

Дүйшөнбү шаарында эки тараптуу кыргыз-тажик консулдук консультациялар болуп өттү

Дүйшөмбү шаарында 27-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча эки тараптуу консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын делегациясын КР ТИМинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми тажик делегациясын ТР ТИМинин Башкы консулдук башкармалыгынын жетекчиси Баходур Сафарзода жетектешти.

Тараптар бекитилген күн тартибине ылайык, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелерди кеңири талкуулашып, консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, тараптардын аймактарында алардын жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, кармалгандар тууралуу өз убагында маалымдоо, консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо, маалымат алмашуу жана соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча көмөк көрсөтүү сыяктуу маселелерге бурулду.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар актуалдуу маселелерди ыкчам чечүү жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча макулдашышты.

Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог духунда өттү.