Бишкекте аялын сабаган киши кармалды: иш сотко өттү
Ушул жылдын 11-декабрында болжол менен саат 00:25те Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына Бишкек шаарынын 11-кичи районунда үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине тиешелүү кызматкерлер барып, окуяны тастыкташкан.
Милициянын маалыматы боюнча, 37 жаштагы жаран Ж.Т. аялын сөгүп, андан кийин аны урган.
Аталган факты бирдиктүү журналга катталып, алдын ала тергөө иштери башталган.
Кылмышкер райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына алып келинип, андан кийин жергиликтүү милиция кызматкерине өткөрүлүп берилген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча административдик протокол түзүлгөн.
Соттун чечими чыкканга чейин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
