Өспүрүмдөрдүн репродуктивдүү саламаттыгы: энелер эмнелерди билүүсү керек
Баланын репродуктивдүү саламаттыгына кам көрүүнү ал 3 жашка чыккандан баштоо керек. Эч кандай көйгөй жаралбаса дагы, маал-маалы менен дарыгерлерге көрсөтүп, профилактикалык текшерүүдөн өтүп турушу керек. Бул тууралуу Бишкектеги № 7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун акушер-гинекологу Толкун Андашева түз эфиринде айтып берди.
Репродуктивдүү саламат – бул адамдын тукум улоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган фихикалык, психологиялык жактан толук кандуу саламаттыгы. Ошондой эле, ага үй-бүлө курууну, канча балалуу болууну пландаштыруу, ар кандай жыныстык инфекциялык оорулардан сактануу, сергек жашоо образы да кирет. Репордуктивдүү саламаттык эң биринчи төрөт үйүндө текшерилет, неонатолог-дарыгер ымыркайдын заара чыгаруучу, жыныс органдарын карап, патология жоктугун аныктайт. Андан соң мисалы, бала 3 жашка жана 6 жашка чыкканда дарыгерлерге көрсөтүү керек. Эч кандай көйгөй жаралбаса дагы, профилактикалык негизде. Кийинчерээк өспүрүм куракта – 13-14 жашында да балдарды дарыгерге көрсөтүү зарыл. Кыздарда этек кир келип баштагандан соң жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп турууну адатка айлантуу керек, – дейт дарыгер.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда мындай адат калыпка салына элек. Практикасында кыздарын гинекологдорго маал-маалы менен текшерүүгө алып келип, саламаттыгына кызыкдар болгон ата-энелер аз кездешет. Ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан жыл сайын мектептерде текшерүү жүргүзүлөт. Бирок анын максаты патологияны аныктоо болгондуктан, өспүрүм кыздар менен баарлашуу, аларды кыйнаган суроолорго жооп берүүгө убакыт калбайт. Ошондуктан, бул нерсени дарыгердин жеке кабылдамасында жасаган туура.
«Ата-энелер өспүрүм куракка барып калган кыздарынын ар бир кыймылын байкап турушу керек. Кандай маалыматтарды алып жатат, кимдер менен баарлашууда... Кээде ушундай көрүнүш болот: өспүрүм жыныстык катнашты эрте баштап, кош бойлуу болуп калып, бирок анысын билбей жүрө берип, мөөнөтү чоңойгондо гана дарыгерге кайрылат. Өспүрүм курак – улуу курак менен бала курактын ортосу, бала да эмес, чоң да эмес, эмоционалдык селкинчекте жүргөн кез. Мындай кезде кыздарга эненин кеңеши, маалыматы өтө керек болот. Гигиенага жана башка кыздар туш болчу көрүнүшкө алдын ала даярдоо зарыл. Азыр интернеттин доору, ал жактан өспүрүмдөр өзүнө керектүү маалыматтардын баарын алышат, бирок анын баары чындык эмес, кээде туура эмес маалыматтарга туш болушат», – дейт дарыгер.
Айтымында, өспүрүм куракта кош бойлуу болуп калуу организм үчүн стресс. Ошондой эле, эрте жыныстык катнашка баруу дагы терс таасирлерин тийгизет. Ал эми бойдон алдыруу тукумсуздукка алып келет.
«Баланы репродуктивдүү саламаттыгын чың кылып өстүрүү үчүн аны ар кандай терс адаттардан алыс кармоо зарыл. Мисалы, тамеки тартуу. Азыр электрондук тамеки көбөйдү, анын жыты анчалык чыга бербейт, ошондуктан ата-эне көп учурда байкабай калышы мүмкүн. Ата-эне негизи баласы менен ачык сүйлөшүп көндүрсө, ал өзүндө кандайдыр бир маселе жаралса, ачык айтып, кеңеш сурайт. Эне менен кыздын, ата менен баланын ортосундагы ишенимдүү мамиле баарынан маанилүү», – деди.
Ошондой эле, дарыгер репродуктивдүү саламаттык жеген азыктардан да көз каранды болоорун, фаст фуд сыяктуу зыяндуу азыктардан оолак болуп, табигый азыктарга басым жасоо керектигин кошумчалады.
