Оштогу жаңы “Келечек” базары 1-марттан тарта иштей баштайт
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдырууда жаңы Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарына барды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэр рейддин жүрүшүндө базарлардагы курулуш иштерин жеринен көрүп чыгып, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Б.Осмонов көчөсүндөгү эски аэропорттун ордуна курулган бир канча курулуштарды текшерүү боюнча тапшырма берди. Алардын катарына “Элдорадо” рестораны, “Мегаполис” соода борбору жана башка соода жайлары бар.
Рейддин соңунда Келечек базарын көчүрүү маселеси талкууланып, соодагерлерди кыштын ызгаарында кыйнабоо максатында көчүрүү мөөнөтүн 1-мартка жылдыруу чечими кабыл алынды.
