УКМК: Эл аралык мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду
17 декабрь

УКМК: Эл аралык мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду

Эл аралык мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

Миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалма документтерди колдонуу фактылары көбөйдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 120дан ашуун КРнын жасалма электрондук визасы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары А.М.З. жана Б.Д. кармалып, алар Кыргызстанга акчалай сыйлык алуу үчүн ишкерлердин кейпин кийип, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын аймагында мыйзамсыз мигранттардын арасында жасалма документтерди даярдоо жана сатуу каналын уюштурушкан.

УКМК терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жарандарды учурдагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.