Мейманканадагы мушташ. Бийчи Жан Воиновдун жубайы күнөөлүү деп табылды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-октябрда «Шератон» мейманканасында болгон жаңжал боюнча соттун өкүмүн чыгарды, деп билдирди 14-октябрда соттун басма сөз кызматы.
Иште айыпталуучулар Зарина Алмасова жана анын иниси Рустам Алмасов болгон.
Сот Зарина Алмасованы КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бир топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык") боюнча күнөөлүү деп таап, ага 50 миң сом айып салган. Сот өкүм чыгарууда анын эки жашар баласы бар экенин эске алган.
Рустам Алмасов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 3-бөлүгүнүн 3-пункту ("Адамдардын тобу тарабынан өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу менен же ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалган каракчылык") боюнча күнөөсүз деп табылып, акталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.
Окуя 30-июнда Sheraton мейманканасынын номеринде болгон.
Жабырлануучу социалдык тармактарда "Бегемот кыз" деген ат менен таанымал Алина Жакыпованын айтымында, аны достору менен Зарина Алмасова, анын жолдошу Жан Воинов жана иниси ур-токмокко алышкан. Ал денесинен оор жаракат алганын билдирген.
Окуядан кийин Жан Воинов жана анын жездеси, ошондой эле эки күзөтчү баш болгон бир нече адам кармалган. Баары №1 СИЗОго киргизилип, кийинчерээк Жан Воинов камактан бошотулуп, блогер Жакыпова ага эч кандай доосу жок экенин айтып, утурумдук доо арыз менен кайрылган.
Жактоочу Шердор Абдыкапаровдун айтымында, жабырлануучулар, анын ичинде Алина Жакыпова өкүмгө канааттанышты. Учурда экинчи тарап соттун чечимине каршы даттанары белгисиз.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») жана 206-беренеси («Каракчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
