Ак-Талаа районунда ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу максатында ирригациялык каналдарды жана сууну суткалык тескөөчү (БСРди) куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турган “Чоң-Бактыгул” чарба аралык чоң каналынан бөлүнгөн, жалпы узундугу 4,1 чакырымды түзгөн Р-2 каналынын 2,7 чакырым аралыгына суу үнөмдөө максатында бетон төшөлмө (бетонополотно) орнотулууда.
Бул канал 1960-жылы курулуп, учурда өз нугун жоготуп, сайга айланып калган. Натыйжада суунун фильтрацияга кеткен коромжусу көбөйүп, суу бөлгүчтөр иштебей, техника өтүүчү көпүрөлөр да жараксыз абалга келген.
Мамлекет тарабынан бул долбоорго 17,7 миллион сом каражат бөлүнүп, ишти Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгы аткарууда.
Долбоордун алкагында каналга 8 даана суу бөлгүч (щит) калыбына келтирилип, 3 даана жаңы көпүрө курулат. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар да ишке тартылып, аткарган жумушунун көлөмүнө жараша эмгек акы төлөнүүдө.
Р-2 каналына бетон төшөлмө орнотулуп бүткөн соң, бул канал аркылуу 305 гектар айыл чарба багытындагы жер сугат суусу менен камсыз болот. Натыйжада суунун фильтрацияга кеткен жоготуулары жоюлуп, дыйкандарга суу жеткирүү кыйла жакшырмакчы.
