Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 16%га өстү
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында республиканын аймагында 1 миң 491 жол кырсыгы катталды.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 9,3%га өскөн.
Аймактар боюнча бөлүштүргөндө:
- Бишкек шаарында – 52%,
- Чүй облусунда – 18%,
- Ош облусунда – 9%.
Катталган жол кырсыгынан 2 миң 200 адам ар кандай жарааттарды алган, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 12%га көп, 115 адам каза болгон (16%).
Балдардын катышуусунда 370 жол кырсыгы катталган.
